12-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 12-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8;

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15 градус болот.