12-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 12-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +29…+31 градус болот.