12 жылдык билим берүү киргизилгенден кийин бүтүрүүчү канча жашта болот? Министрликтин жообу

Билим берүү министрлиги «12 жылдык билим берүү киргизилгенден кийин бүтүрүүчү канча жашта болот?» деген суроого жооп берди.

Андагы маалымат боюнча, бүтүрүүчүнүн жашы өзгөрүүсүз калат, дагы бир жыл кошулбайт. «Буга чейинки 0-класс 1-класс деп аталат. Мектепке милдеттүү түрдө 6 жаштан баштап барышат. Балдар мектепти 11 жылдык окуудай куракта эле аяктайт», — дешти.