12 жылдык билим берүүдө 10-11-класстарга айдоочулукка окуткан сабак каралган. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн 14-мартта «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Ага депутат Бекмурза Эргешов мурун мектептерде жол эрежелерин окутуп, унаа айдагынды үйрөткөнүн айтып, муну кайрадан жандантуу керектигин сунуштады. Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү системасында 10-11-класстарга айдоочулукка окутуу каралаарын айтты.