«12 күндөн кийин». Жеңиш Молдокматов ачкачылыкты токтотту

«Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов тарапташы Тилекмат Кудайбергеновдун жана Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Азарбековдун өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.

«Буга чейин депутаттар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер ачкачылыкты токтотууну өтүнүп келишкен. Баардык пикирлердин басымдуу бөлүгү алдыдагы саясий күрөштө ден соолугу бекем болуп туруусу шарт экенин баса белгилешкен. Молдокматов 12 күн абактан адилеттүүлүктү талап кылып, ачкачылык кармап турду. Ал УКМКнын имаратын басып алуу, 5-6-октябрда баш аламандык уюштурган деп айыпталып, ушул жылдын 6-май айында камакка алынган. Саясатчы бул иш абсурд жана саясий куугунтук деп баалайт»,— деп айтылат маалыматта.