12-марттан тартып бет кап тагынуу милдеттүү болбойт. Мунун оорукана менен коомдук транспортко тиешеси жок

12-марттан тартып өлкөдө бет кап тагынуу милдеттүү болбойт. Мунун оорукана менен коомдук транспортко тиешеси жок. Мындай чечим коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча штаб тарабынан кабыл алынды.

Билим берүү мекемелери, соода борборлору, тамактануучу жайлар, базар, музей, спорттук клубдар жана китепканаларда милдеттүү түрдө бет кап тагынуу жоюлат.