«12 миллион доллар бөлүнөт». Оштогу Сулайман-Тоо кандай болуп өзгөрөт? (сүрөт)

Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүгүү” долбоорунун алкагында Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири реконструкция иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Жалпысынан 12 миллион АКШ долларына чамалуу каражат бөлүнүүдө. Бүгүнкү күндө долбоордун илимий концепциясын жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо иштери акыркы баскычка жетти. Бул иштердин негизинде Сулайман-Тоонун бир катар тарыхый жана маданий жайларында жаңылануу жүрөт.

Оңдоп-түзөө жана реконструкция боло турган негизги объектилер:

1. Бабурдун өжүрөсүнө алып баруучу тоо жолу жана кароо аянтын жаңылоо;

2. Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейи;

3. Этнографиялык-археологиялык музейди реконструкциялоо;

4. От дарбазасын жана визит борборун куруу, аймакты көрктөндүрүү;

5. Орто кылымга таандык мончону реконструкциялоо;

6. Түндүк тараптагы “Тоо дарбазасын” жаңылоо;

7. Асаф ибн Бурхия күмбөзүнүн тегерегин ирээтке келтирүү;

8. “Суу дарбазасын” куруу жана аймакты көрктөндүрүү.