13-14-декабрда абанын температурасы дагы төмөндөйт

Кыргызстанда 13-декабрда туруксуз аба ырайы сакталат: Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаайт, Талас, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

13-14-декабрда абанын температурасы дагы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24° суук;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -29…-34°, күндүз -15…-20°.