13-15-декабрда тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызгидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 13-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Айдоочуларга эскертүү! Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Алыскы сапарга жол тартсаңыз дөңгөлөк чынжырчасын, тамак-аш, ысык суу жана дары-дармек топтомун алууну унутпаңыз.