13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.
Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз +5... +10°;
Талас облусунда +1... +6°, айрым жерлерде -1...-3°, күндүз +4...+9°;
Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн +1...+6°, айрым жерлерде-1..-3°;
Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +2...+7°, күндүз +11...16°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1...+6°, айрым жерлерде 0...-20, күндүз +5... +10°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3...+2°, күндүз +4..+.9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз +1...+6°; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13°, күндүз - 1...-6° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.