13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Siberian Neva Masquerade kitten lying on a soft bad

13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.

Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз +5… +10°;

Талас облусунда +1… +6°, айрым жерлерде -1…-3°, күндүз +4…+9°;

Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде-1..-3°;

Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +2…+7°, күндүз +11…16°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6°, айрым жерлерде 0…-20, күндүз +5… +10°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз +4..+.9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз +1…+6°; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз — 1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.