Royal
SerepTV Logo

13-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 13-декабрга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17, Талас облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -22…-24, күндүз -14…-16° суук болушу күтүлөт.