13-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 13-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;

Нарыноблусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз +2…+7;

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус болот.