13-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунда, Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз+27…+32;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +31…+33 градус болот.