13-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14… +19, күндүз +24… +29;

Талас жергесинде түнкүсүн +13… +18, күндүз +23… +28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17… +22, күндүз +28… +33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11… +16, күндүз +17… +22;

Нарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +15… +20;

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27… +29 градус болот.