13 жаштагы Нурдандын «Бала үчүн акча табуунун 23 жолу» деген китеби жарык көрдү

13 жаштагы Нурдан Кебековдун «Бала үчүн акча табуунун 23 жолу» деген китеби жарык көрдү. Бул тууралуу кинорежиссер Айбек Дайырбеков жазды.

«Бул жигиттин аты Нурдан Кебеков. 13 жашта. Бүгүн «Бала үчүн акча табуунун 23 жолу» деген китеби жарык көрдү. 11 жашында жазып баштаптыр», — деди ал.

Нурдан Кебеков скульптор Нурлан Кебек уулунун баласы.