13 жаштагы зордукталган кызга 4 саатта 74 миң 984 сом чогулду

Кечээ, 8-июль күнү телеалпаруучу, жарандык активист Эркин Рыскулбеков колдон колго өтүп зордукталып жүргөн 13 жашар кызга жардам катары атайын эсеп ачылганын маалымдаган.

«Эсеп ачылган 4 саат аралыгында элден 74 миң 984 сом чогулду. Жабырлануучу кыздын атасы жакында миграциядан келип, апасынын боору жабыркап келет. Улуу күндө жардамга муктаж үй-бүлөгө сооп кылганыңыздарга жакшылык эселеп кайтып келсин. Биздин демилгечи топ сиздерден түшкөн акчанын ар бир тыйыны боюнча отчёт беребиз, акча толугу менен жардамга муктаж үй-бүлөгө жетет деп кепилдик беребиз», — деп коомчулукка кайрылды Рыскулбеков.