13-майда Чолпон-Атада жайкы туристтик мезгилдин ачылышы болот

13-майда 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинин расмий ачылышына старт берилет. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Ошондой эле аталган күнү Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт.

IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2023 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.