13-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 13-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11 градус, күндүз +23…+25 градус болот.