13-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 13-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +6…+11,

Бишкек шаарында 13-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.