Эртең, 13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.