«13,7 миллион сом сарпталат». Таласта Эгемендүүлүк күнү «Манас ордодо» белгиленет

10-августта Талас облусунда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөгө 13 миллион 740 миң сомго тендер жарыяланды. Бул боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Маалыматка караганда, иш-чара «Манас ордо» улуттук комплексинде өткөрүлөт. Жарыяланган тендердин 3 миллион 138 миң сому сахнанын жасалгасына жумшалат. ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда,  тендерди маданияттын эмгек сиңирген ишмери, жеке ишкер Жанышбек Жамурзаев утуп алган.

Ал эми калган 10 миллион 540 миң сомуна «Урааным Манас» театралдаштырылган оюн-зоок уюштурулуп, 5 мүнөт бою салют атууга жумшалат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, бул тендерди режиссёр Эгемберди Чалабаев жеңип алган.