«14 адам ооруканада». Кыргызстанда бир жумада 65 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 17-октбрдан 23-октябрга чейин COVID-19дун жаңы 65 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, калган 51и амбулатордук дарыланууда. Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.

Жыл башынан бери республика боюнча COVID-19дун 21 651 учуру катталган, анын ичинде 90,7 пайызы лабораториялык түрдө жана 9,3% клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.