14-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 14-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо жаан, кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градус болот.