14-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында түнкүсүн 0…-2 градус, күндүз +10…+12 градус болот.