14-июндан тарта Оштогу “Жапалак” унаа базарынын бир бөлүгү ачылат

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кезектеги таңкы рейди Көкүм-Бий көчөсүндө өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мында 300 диаметрдик таза суу түтүгүн талапка ылайык жер астынан алып өтүү жумуштарын, андан ары муниципалдык менчикке кайтарылган бала бакчаны кайрадан толук оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан имараттын курулушун көрүп, сапаттуу, ыкчам бүткөрүү тапшырмасын койду. Ошондой эле аталган көчөнү бойлой каналдын жээгинде корук аймагына курулуп калган курулуштарды, тосмолорду алып салуу иштерин тездетүүнү тапшырды.

Рейддин жүрүшүндө мындан сырткары калаа башчысы “Жапалак” автоунаа базарына барып, ал жерде жүрүп жаткан курулуш жана иретке келтирүү иштерин көрүп чыгып, базардын европа унаа катарын 14-июндан баштап ачып, унааларды кабыл алууну милдеттендирди.