14-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;

​Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.