14 жаштагы өспүрүмдүн атасы дарыгердин шалаакылыгынан уулу майып болуп калганын айтты

«Медициналык ката өспүрүмдү майыптыкка алып келди» деп билдирди Турган Камбаров бүгүн, 7-октябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Камбаров 3 баланын атасы. 2020-жылдын жазында Кыргызстанда пандемия болуп жатканда ортончу уулу ооруп калган. Ошол учурда бардык ооруканалар коронавирус менен ооругандарга толуп турган. Үй-бүлө ошого байланыштуу Бишкектеги 7-кичи райондо жайгашкан лазердик технологиялар клиникасына барган.

Апрель айында дарыгер 14 жашта болгон өспүрүмдү карап, анализ чыгарып берген. Жыйынтыгын алып дарыгерге барышкан. Ал диагноз коюп, дары жазып берген. Бирок 1 ай дарылоо эч кандай жыйынтык берген эмес. Тескерисинче, баланын оорусу күчөгөн. Ошондон улам башка ооруканага барышкан. Ал жерде өспүрүмдүн канында кант көбөйүп кеткенин айтышкан. «Биз биринчи дарыгерге нааразычылыгыбызды айтсак, ал «эмнеге мага кандын анализин көрсөткөн эмессиңер» деди», — дейт ата.

Ошондон кийин бала жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Учурда 1-топтогу майып болуп калган. Окуя болгондон кийин Октябрь РИИБге жана Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган. Министрлик эскертүү берген, ал эми тергөө жүргөн деле эмес.