14 жылдан бери төшөктө жаткан апасын караган SUPERTV’нын каарманы үйлүү болду

Мындан 3 ай мурда SUPERTV’га апасын жалгыз баккан кызы кайрылган эле. Өлүм аркасынан өлүм көрө берген анын апасы стресстен улам төшөктө жатып калган. “Апамды көтөрөм деп экөөбүз чогуу кулайбыз” деген ал элден жардам суроого аргасыз экенин айткан эле.

Бүгүн, 17-февралда алардын үйлүү болгону маалым болду. Алар Ысык-Көл облусунун Тоң районунан 2 бөлмөлүү үйлүү болушту. «SUPERTV’га жардам сурап кайрылгандан кийин элден 200 миң сомго жакын акча түштү. Ага чейин чогулган каражатыбызды кошуп, 2 бөлмөлүү үй алдык. Азыр Тоңдун Кажы-Сай айылында жашап жатабыз. Ошондой эле, дагы бир кайрымдуу үй-бүлө атайын Нарындан келип, бизге «Mazda 6» үлгүсүндөгү унаасын белек кылып, расмий каттаттырып берип кетти. 

Үйүбүзгө кирип жашап жатканыбыз менен, үй толук бүтө элек. Азырынча эшик-терезелери ачык, чүпүрөк менен жаап, үйдү сууктан сактап жатабыз. Ал эми апамдын ден соолугу акыркы 10 күндөн бери жакшы болбой жатат. Дагы инсульт болду», — деди каарманыбыздын кызы Айдана Нарбаева. 

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер:

0707 81 81 50