14-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Талас жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус болот.