14-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19;

Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +5…+10.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсун 0…+2°, күндүз +18…+20° жылуу болот.