1,4 миллион сомго блогер жалдоо. Иммунопрофилактика борборунун тендери жокко чыгарылды (видео)

Республикалык иммунопрофилактика борборунун блогерлердин кызматын 1,4 миллион сомго сатып алуу боюнча тендери жокко чыгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Фейсбук баракчасында жарыялады.

Ал муну акчаны текке кетирүү деп эсептээрин белгиледи. Тендер өткөн жок. «Мен активдүү жарандардын борборго бекер жардам берүү каалоосун билдиришкенине кубанычтамын. Мен жооп бергендерге ыраазычылык билдиргим келет жана бардык кызыкдар жарандарды мамлекеттин жарандарды эмдөө аракеттерин колдоого чакыргым келет», — деди ал.

Жылдыз Бакашова бардык активдүү блогерлерди эмдөөнүн абалын, мамлекеттик органдар туш болгон кыйынчылыктарды жана мындан аркы иштин планын ачык талкуулоо үчүн жолугушууга чакырды.