14-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 14-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.