14-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +9…+11 градус болот.