15-16-декабрда Элдик курултай өтөт. Ага ардактуу коноктор чакырылбайт

АРХИВ

Курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбайт, курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Акыркы күндөрү президенттин администрациясына айрым коомдук ишмерлерден курултайга катышуу үчүн атайын тизме түзүү сунушу келип жатканын айткан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бул жолку курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбай турганын, курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болоорун билдирди. “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыкка ылайык атайын же кошумча тизме түзүү каралган эмес.

Элдик курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат. Алдыдагы курултайга делегаттардан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Элдик курултай 15-16-декабрь күндөрү Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында өтөт.