«15-20 миң сом ала башташат». Июлдан баштап медкызматкерлердин айлык акысы 40 пайызга жогорулайт

Июль айынан тарта медицина кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Мен министр болуунун алдында президентке алдыда 4 максатты ишке ашырышым керек деп айткам. Алардын биринчиси медиктердин маянасын көтөрүү болчу. 1-июлдан баштап айлыктарын 40 пайызга көтөрүп жатабыз. Ошондо жакшы иштегендер 15-20 миң сом ала баштайт», — деди ал.