Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов кыш мезгилинде Ош менен Бишкек шаарынын тургундарында маселе пайда болгонун билдирди.
«Бул жылуулук маселеси. 100 чарчы метрден ашкан үйлөргө жылуулукка 15-20 миң сом чыгып жатыптыр. Ушул боюнча чара көрүү керек. Кээ бир этаж үйлөргө декабрь айы үчүн 28 миң сом келиптир. Бул эмне деген нерсе? Айына 28 миң сомдон төлөп жатышыптыр. Муну кайра карап чыгуу керек. Тарифти да караш керек»,- деди ал.