15-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 15-апрелде түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +18…+20 градус болот.