15-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарга кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 19…21° жылыйт.