15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 15-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39;

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32 градус ысыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүн биринчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүн экинчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24°, күндүз +37…+39° ысык болот.