15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 15-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.