15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет. Бул жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка караганда, интернетти өлкөгө алып келүү, жеткирүү укугу толугу менен жакында эле мамлекетке кайтарылган “ЭлКат” компаниясына берилет. Ал эми башка операторлор 2 айдын ичинде интернет алып келүү келишимдерин «ЭлКатка» өткөрүп бериши керек. Ошондой эле «Акнет» компаниясынын 100 пайыз үлүшүн «ЭлКатка» өткөрүп берүү тапшырмасы коюлду.