15-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 15-февралда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5,

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +6…+8 градус болот.