15-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда күндүз +31…+36

Таласта күндүз +20…+25

Баткен облусунда күндүз +29…+34

Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +29…+34

Ысык-Көлдө күндүз +33…+38

Нарында күндүз +22…+27

Бишкекте күндүз +33…+35 градус болушу күтүлөт.