15-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 15-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;

Талас жергесинде түнкүсүн +21…+26, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус болот.