15-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 15-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 30…32° ысык болот.