15-сентябрдан тарта Кыргызстанда көмүрдүн баасы көзөмөлдөнө баштайт

Көмүргө баанын өсүшүнө жол бербөө, калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында 15-сентябрдан тартып Кыргызстандын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу көзөмөлдөө 90 күнгө киргизилүүдө. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

«Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрөт», — деп айтылат маалыматта.