15-сентябрдан тарта окуу процесси салттуу режимде башталат

15-сентябрдан тарта Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окуу процесси реалдуу режиминде башталат. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

«Мектептерде окутуу онлайн тартипте уланууга мүмкүн эместигин моюнга алышыбыз керек. Билим берүүнүн сапаты аралыктан окутуу учурунда төмөндөп кетти», — деди Марипов.

Ал эми билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөрүн айтты.