15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 27…29° жылуу болот.