Эртең, 15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +23…+25 градус болот.